АКШда 11 жаштагы кыз ымыркайды кыйнап өлтүрүп койду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя Мэриленд штатында мындан бир нече күн мурун болгон. Анда аталган штаттын тургунунун үйүнө 1 жаштагы наристеси менен конокко келген курбусу баласынан айрылып калды.
"1 жаштагы уулун таштаган эне жумуштарын бүтүрүү үчүн бөлмөдөн чыгып кеткен. Ошол учурда 11 жаштагы кыз ымыркайды кыйнап, ага оор жаракаттарды келтирген. 1 жаштагы бала тез арада ооруканага жеткирилген, бирок 2 күндөн кийин ооруканадан чарчап калган. Учурда бул окуя боюнча текшерүү иштери жүрүүдө. 11 жаштагы кыз камакка алынды, анын энеси да катуу жазаланышы мүмкүн. АКШнын мыйзамдарына ылайык, ымыркайларды жашы жете электердин жанына жалгыз калтырууга болбойт", - деп айтылат маалыматта.