Бүгүн, 4-мартта парламенттин тийиштүү комитетинде мектеп окуучуларынын өлкөнүн билим берүү тутумуна толук тартылышын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, "Билим берүү жөнүндө" мыйзамда жалпы билим берүүнүн бардык үч деңгээли - башталгыч жалпы, негизги жалпы, орто жалпы билим берүү кепилденет. "Бир жылда орто эсеп менен өспүрүмдөр тарабынан жасалган 980 жана өспүрүмдөргө карата жасалган 1070 кылмыш иши катталды. Ушу тапта 9-классты бүтүргөн 13 миңден ашуун бала билимин андан ары уланткан жок. Ал эми 15-16 жаштагы балдардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү жок, эмгек мыйзамында чектөөлөр болгондуктан аларды ишканалар жумушка албайт. Ошондон улам негизги жалпы билим алган жактарга милдеттүү акысыз билим берүү чарасын киргизүү демилгеси сунушталууда", - деп жазылат мыйзам долбоорунда.
Демилгечилер Мирлан Жээнчороев, Дастанбек Жумабеков, Аалы Карашев, Дастан Бекешев, Төрөбай Зулпукаров, Жаныбек Бакчиев, Садык Шер-Нияз, Асылбек Жээнбеков, Экмат Байпакбаев, Канатбек Исаев жана башкалар.
Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында 7 маселе талкууланат.