Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарга кар көчкү түшүшү мүмкүн

4-марттан 5-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарына кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун тоолуу бөлүктөрүндө, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун тоолуу чакырымдарында, Ош-Сары-Таш унаа жолунун Талдык ашуусунда жана Сары-Таш-Карамык унаа жолунда кар көчкү түшүүcү, ошондой эле кар күрткүсү жаралышы мүмкүн.

"Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан