ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз товар алып кирүү катталууда. Баткенде 10 тонна жүзүмдү мыйзамсыз ташыгандар кармалды

ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келген 10 тоннадан ашык жүзүм Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Маалыматты Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Ага ылайык, ушул жылдын 25-февралында ЕАЭБдин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында бажы кызматкерлери Лейлек-Баткен унаа жолундагы Баткен районуна караштуу Төрт-Гүл суу сактагычынын жанынан DАF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны токтотуп текшеришкен.

"Жогорудагы автоунаанын жүк бөлүгүн текшергенде бажы контролунан тышкары чектеш мамлекеттен ташылып келе жаткан 10 тоннадан ашык 1 миң 490 желим кутучага салынган жүзүм табылган. Бул факт маалыматтарды каттоо журналына катталып, чогултулган материалдар Баткен облустук прокуратурасына өткөрүп берилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Hacker99
2019-03-04 16:41:46
А эмне жузум ташыган контрабандага киреби?
+1
munar1980
2019-03-05 00:15:10
Каяктагы жузум анан дагы бир орус жараны 40 кг курут менен кармалды деп майда чуйдону айтышат 50 тонна 100 . 1000 тонналап ташылып жаткан бензин солярканы копушпой койду эч эле таможниктер ушул
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан