АКШнын Алабама штатындагы куюндан 23 адам каза болду

АКШнын Алабама штатында жүргөн куюндун кесепетинен 23 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда. "The Guardian" басылмасы жазган маалыматка таянсак, каза болгондордун арасында кичинекей балдар да бар.

"Куюн Алабама штатына 3-март күнү кечинде кирип келген. Бир сааттын ичинде эле катуу куюн көптөгөн кыйроону алып келген. 50дөй адам ар түрдүү жаракаттар менен ооруканага жаткырылып, дагы бир нече адам дайынсыз болууда. Куткаруучулар аларды кыйраган курулуш жана үйлөрдүн арасынан издөө иштерин улантууда. Жергиликтүү куткаруу жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жоголгон адамдардын саны так эмес экенин айтышууда. Ошондой эле каза болгондордун саны дагы да өсүшү мүмкүн деп билдирет. Куюндан айрыкча Ли округу катуу жабыркаган", - деп жазылат маалыматтарда.

АКШнын Алабама штатында бороондон 23 адам каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
titanik32
2019-03-04 14:33:40
Бул торнадо болгон экен го,бороон деп кар аралаш жааганда болот.Же мен туура эмес айтып жатамбы.
+5
zzz---zzz
2019-03-05 22:28:50
titanik32,же куюн десе болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан