Ошто коммерциялык банктардын биринин банкоматы талкаланып, болжолдуу 1 жарым миллион сомдой акча уурдалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, окуя 2-марттан 3-мартка караган түнү орун алган. Белгисиз адамдар Ош шаарындагы Навои жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын кире беришиндеги банкоматты талкалашкан.
Учурда иликтөө иштери башталып, тергөө иштери жүрүүдө.
Буга чейин Ош облусунун Араван районундагы банктардын биринде жайгашкан банкомат тонолуп, ичиндеги 900 миң сом акчасы уурдалганы белгилүү болгон.