Бишкекте маршруттук такси мектеп окуучусун сүзүп кетти. Маалыматты Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.
Белгилүү болгондой, кырсык бүгүн, 4-мартта Жукеев Пудовкин жана Иса Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда окуучу жолду туура эмес жерден кесип өткөн. Жабырлануучу №3 балдар ооруканасына жеткирилип, ал эми маршруттук такси айып жайына токтотулган. Учурда териштирүү иш-чаралары аткарылууда.