Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы депозиттик эсепке дагы 17 миллион 152 миң 435 сом акча которду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы 4-мартта кабарлады.
Маалым болгондой, муну менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бирдиктүү депозиттик эсепке которгон сумма 467 миллион 749 миң 794 сомду түздү.
2018-жылдын 22-июнунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон.
Токтомго ылайык, бул эсепке экономикалык жана кызмат адамдарына козголгон кылмыш иштеринин алкагында алынган каражаттар топтолот. Анда мамлекетке келтирилген чыгымдар кайтарылып, өзүнчө эсепте сакталып, өкмөттүн чечими менен бөлүштүрүлөт.