Баткенде бейбаштык жана укук бузууларга шектелгендер кармалды. Алардын бири жергиликтүү кеңештин депутаты

Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери бейбаштыкка жана башка укук бузууларга шектелгендерди кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын сентябрь айынын аягында ички иштер органдарына Баткен облусунун Б.А. аттуу жараны кайрылып, мыйзамга каршы иш-аракеттер менен анын укугун тепселегендер жөнүндө билдирген.

Анын айтымында, кечинде шектүүлөр телефон чалышып, Бишкек шаарындагы “Вефа” соода борборунун жанында чогулууну белгилешип, көрсөткөн дарекке барган кезде үч белгисиз адам арматура менен сабашкан. Жабырлануучу алардан бошонуп, качып кеткен соң шаардык ооруканага кайрылган жана жаткырылган.

Аталган арыз боюнча Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери болжолдуу иликтөөсүнөн кийин тергөөчүгө жогорудагы мыйзамсыз иш-аракеттерге шектүү катары үч адам жеткирилген. Бирок жабырлануучу жогорудагы үч адамга карата доосунан баш тартып, тосмо арыз жазып бергенине байланыштуу тергөөчү тарабынан кылмыш иши токтотулган.

2019-жылдын февраль айынын ортосунда Б.А. аттуу жаран кайрадан Бишкек ШИИББине кайрылып, 2018-жылдын күз мезгилинде аны сабагандар тарабынан кысым көрсөтүлүп, каралып жаткан иштен баш тартуу тууралуу арыз жазууну талап кылышкандыгын билдирген. Бишкек ШИИББинин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) боюнча иш козгогон.

Шектүүлөр Баткен облусунун аймагында жүргөндүгү аныкталып, 2019-жылдын февраль айында ыкчам иш-чараларын жүргүзүүнүн негизинде Баткен облусунун Лейлек районунун аймагынан шектүүлөрдүн экөө кармалып, Бишкек ШИИББине жеткирилген. Кармалгандардын бирөөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болгон. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен кармалган жарандар үй камагына алынган. Болжолдуу маалымат боюнча чыр-чатактын келип чыгышына ишкерлик боюнча өнөктөштөрдүн ортосунда пикир-келишпестик себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
juka82
2019-03-05 09:27:29
жергиликтуу кенештин депутаты ушундай ишке барса...уят.
+1
aijan.borkoshova
2019-03-05 10:37:14
Кылмыш жасаган адамдардын аты жөнү жок экенби?Жаңылыкты жазганда кылмышкерлердин да атын жазып койсоңор жакшы болмок!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан