Аламүдүндө табылган ымыркай айына жетпей төрөлгөн. Ал таштандыга ыргытылган

Аламүдүн районунда кечээ кечки саат 19:30 чамасында жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына кабарлаган. Бүгүн окуя боюнча тактоолор белгилүү болуп, басма сөз кызматы толукталган маалыматтарды билдирди.

"Аламүдүн РИИБине болжол менен саат 20:50 чамасында ымыркайдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Алар Маевка айылындагы каналдын жанына ыргытылган таштандынын арасынан баштыкка салынган ымыркайдын жансыз денесине күбө болушкан. Ымыркай айына жетпей төрөлгөн 4-5 айлык кыз болгон. Окуянын чоо-жайы териштирилүүдө жана тиешелүү экспертизалар дайындалды. Факты каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Koss1985
2019-03-05 13:35:01
Кудайдан да коркпой турган болушту!
+4
Skarlett-Skarlett
2019-03-05 14:32:57
Журогум ооруп кетти,кичинекейим,ушундай кордук корот белен((((
+4
tular
2019-03-05 15:25:31
Акмак дегенден башка соз айтпайм. Кандай эне тууду болду экен...
+4
AykaMer
2019-03-06 02:05:26
Айына жетпей төрөлсө да адам болуп төрөлдү да. Өлүк төрөлсө жок дегенде мечиттен жардам сурап жаназа окуп,мүрзөгө көмсө болмок. Аттиң ай айбанда баласын антип таштабайт.Кудай ыйман бере көр баарына...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан