Бишкекте жарандын телефонун "бирөөгө чалып алайынчы" деп сурап алып, бербей качып кеткенге шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
"2018-жылдын декабрь айында Бишкек шаарынын тургуну "өзүмдүн телефонумду бузуп алдым, бирөөгө чалып алайын, телефонуңузду берип туруңузчу" деп кайрылган белгисиз адам аны уурдап качып кеткендиги тууралуу айтып милицияга арыз жазган. Мындан улам арыз ээси 15 миң сом өлчөмүндө зыян тартканын айтат. Свердлов РИИБи каттоого алынган факты боюнча издөө иштерин жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 27 жаштагы А.у.Ж. аттуу жаранды колго түшүрдү. Ал буга чейин ушундай эле "алдамчылык" беренеси менен соттолгону аныкталды. Учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.