Бишкектеги филармониянын жанында топтошкон балдар мушташа кетишти (видео)

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жанында топтошкон балдар мушташа кетишти. Окуянын видеосу бүгүн, 5-мартта социалдык тармактардын бирине жүктөлдү.

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы SUPER.KG`ге аталган факты боюнча маалыматтар такталып жатканын кабарлады.

"Интернетке тараган мушташ боюнча бизде азырынча маалымат жок. Учурда мушташ качан жана эмнеден улам келип чыкканын, ага кимдер катышканын тактап жатабыз", - деп кабарлашты ШИИББден.

Мушташ орун алган аймакта Кыргыз улуттук университети, Кыргыз Эл аралык университети жана №2-орто мектеби жайгашкан.

Бишкекте топ балдар мушташа кетишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
trabzon11
2019-03-07 00:02:35
Жон эле журушпойбу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан