Чүй ОИИББинин кызматкери жөө адамдар өтүүчү өтмөктө кетип бара жаткан 11 жаштагы окуучуну сүзүп алган окуя боюнча эки тарап элдешти. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Басма сөз кызматкеринин айтымында, сот залында жабырлануучу жана күнөөлүү тарап тынчтык келишимине келишкен.
29-январда жөө адамдар өтүүчү өтмөктө кетип бара жаткан 11 жаштагы окуучу баланы унаа сүзүп кеткен. Жол кырсыгы таңкы саат 7:10дор чамасында Фрунзе менен Школьный көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кырсыктан жаракат алган окуучу окуя болгон жерден каза болуп калган.