Чүй облусунун тургунун муунтуп өлтүрүп, сөөгүн дарыяга ыргытып жиберген делген жаранды Тажикстан Кыргыз өлкөсүнө өткөрүп берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, М.А. аттуу жаран Жайыл районундагы Сосновка айылынын М.Т. аттуу тургуну менен 2018-жылдын 21-октябрында Талас облусуна жөнөп кетишкен. Бирок Бакай-Ата районуна жеткенде М.А. жанындагы адамдын унаасын тартып алуу максатында аны муунтуп өлтүрүп, сөөгүн дарыяга ыргытып жиберген. Андан кийин өзү Тажикстанга кетип калып, декабрь айында Хатлон облусунан кармалган.
Тажикстан Башкы прокуратуранын өтүнүчүнөн кийин 4-мартта кармалган жаранды Кыргыз өлкөсүнө өткөрүп берди. Учурда ал Бишкектеги СИЗОго киргизилди.