Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында мушташтан бир адам каза болду. Дагы бири жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Бул маалыматты Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов тастыктап, буларды билдирди.
Маалыматтка ылайык, окуя 4-мартка караган түнү саат 00:20 чамасында болгон. Анда 28 жаштагы жаран бычактан алган жаракатынан улам Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилип, алган жаракаттарынан улам көз жумган. Ошондой эле дагы бир 28 жаштагы жаран бычакталып, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
"Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 28 жаштагы Т.А. кармалды. Ал мурда соттолгон. Ал сурак учурунда күнөөсүн моюнуна алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси "адам өлтүрүү" менен иш козголуп, тергөө иштери башталды", - деп билдирет маалымат катчы.