Бүгүн, 5-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 7 ымыркайдын сатылышы боюнча камакка алынган 7 медицина кызматкеринин сот иши улантылды.
Соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу аларга коюлган айыпты угузду. Документте айыпталуучулардын бири 2018-жылы Орусиянын бир жараны үчүн баланын туулгандыгы тууралуу жасалма күбөлүк жасап бергени айтылды. Ал эми соттук отурумдун жүрүшүндө Дамира Н. жана Айзада А. аттуу эки акушер жасалма документ даярдашканын моюнуна алышты.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Милиция кызматкерлери тарабынан 2018-жылдын 7-сентябрында бала сатууга шектелип Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологдору кармалган. Бала сатууга шектелип кармалгандар - №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 1 гинекологу, №18 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 2 гинекологу, дагы экөө Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринин кызматкерлери экени айтылган.
Аларга "адам сатуу", "жасалма документ жасоо", "мыйзамсыз аборт жасоо" беренелери менен кылмыш иштери козголгон. Кийин үчөө соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.