SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча, колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордун Мирлан Баековдун "Сүйүү тагдыр" аталышындагы ыры толуктады. Чыгарма бир кыздын жашоосунан алынганын айтат ырчы.
"Ырдын жаралышы кызыктуу десем болот. Бир бийкеч башынан өткөн окуяны айтып бергенде дароо эле сөзү, обону, клиптин сценарийи кандай болорун элестетип койгом. Ырдын алгачкы куплети, кайырмасы бир күндө жаралды. Калганын акындарга жаздырайын деп Клара Умуралиевага кайрылгам. Ал эми клипти Токтогулдун Чычкан капчыгайынан тарттык. Сценарий боюнча "Тез жардам" кызматынын унаасы керек болчу. Жолдон өтүп бараткан "Тез жардам" унаасындагылар бал алабыз деп токтоп калышты. Алар менен сүйлөшсөк макул болушту. Тартуучу топ 2 сутка капчыгайда болдук. Калчылдап, үшүп бал саткан темир будкага кирип жылынып, кайра сыртка чыгып клип тартканыбыз эсимден кетпейт. Эртеси клипке тартылгандардын айрымдары ооруп да калышты", - дейт.
27-ФЕВРАЛДАН 6-МАРТКА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ
10-орун - Аваз Акимовдун "Балалыкка кетеличи, апаке!" клиби эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.
9-орун - Нурмат Садыровдун "Жүрөк ээси, эркеси" композициясына буюрду.
8-орунга - Гүлнур Сатылганованын аткаруусундагы "Ашыкпа" клиби ээ болду.
7-орунду - Гүлнур Асанованын "Шашпа" композициясы ээледи.
6-орунду - Амир Аскаров менен Чолпон Талипбектин "Жүрөгүм эзилет" чыгармасы камсыздады.
5-орунга - Айя Садырованын "Тоо булагы" видеоклиби жайгашты.
4-орун - Самат Эркинбековдун "Дык-кын-дыш" клибине буюрду.
3-орунду - Мирбек Атабековдун "Сүйөм сени" чыгармасы ээлеп, алдыңкы үчтүктөн орун алды.
2-орунду - Джонни менен Сайкал Садыбакасованын "Жазым менин" клиби ээледи.
1-орун - Өткөн аптада тизмеге кошулган Алмаз Шаадаевдин "Жаркыным" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, апта жеңүүчүсү аталды.
Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.