Дыйкандарга 2014-жылдан бери 30 миллиард сомдон ашык жеӊилдетилген насыялар берилгени парламентте айтылды

Дыйкандарга 2014-жылдан бери 30 миллиард 4 миллион сом өлчөмүндө жеӊилдетилген насыялар берилди. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, жылдан-жылга насыялардын үстөк пайызы азайып, төлөө мөөнөтү узарып барат.

"Быйыл жазгы талаа жумуштары 10-15 күнгө эрте башталды. Азыр өлкө аймагындагы айдоо аянты 1 миллион 219 миӊ гектарды түзөт деп турабыз. Дыйкандар өтүмдүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өткөндүктөн, буудай сындуу дан өсүмдүктөрүнүн аянты кыскарууда", - дейт Боронов.

Ал билдиргендей, өкмөт айыл чарба жумуштарын үзгүлтүккө учуратпоо максатында дыйкандарды сапаттуу үрөн, арзан жер семирткич, күйүүчү жана майлоочу май, жеӊилдетилген насыялар менен камсыз кылуу чараларын көрүп жатат. "Экспортко чыгарыла турган 11 өнүмдүн өндүрүлүшүнө өзгөчө көӊүл бурулат. Былтыркы жылдын түшүмүн сатып өткөрүү жаатында аракеттер жасалып, коӊшу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө", - дейт биринчи вице-премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан