Чүйдө өрт кырсыгынан 2 бодо мал, 500 тоок күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталды. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Өрттүн кесепетинен Чүйдө эки бодо мал, 500 тоок күйүп кеткен.

"4-марттан 5-мартка караган түнү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Озёрное айылынын Школьный көчөсүндөгү жыгач устундуу темир менен жабылган сарайдын 500 чарчы метр чатыры, 2500 түк чөп, эки бодо мал, 500 тоок, боз үй жана 8 даана өндүрүштүк жабдыктар күйгөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМнын аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмдөрүнөн 2 бөлүм чыгып, өрт саат 8:58де чектөөгө алынып, саат 11:14тө толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп билдирет аталган министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Samat777
2019-03-06 12:18:32
Байкуш тооктор жүрөгүм ооруду. ((((
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан