Чүйдүн Беш-Күнгөй айылында белгисиз адамдар унаага курал менен кол салып, 310 миң долларды уурдап кетишти. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 6-мартта катталган.
"Бүгүн, 6-мартта Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө жол кырсыгы тууралуу маалымат келип түштү. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда белгисиз адамдар Тойота Харриер үлгүсүндөгү унаага куралчандар кол салып, ичиндеги 310 миң долларды уурдап кетишкени белгилүү болду. Унаада 53 жаштагы С.Б. аттуу жаран жана анын 57 жаштагы С.М. аттуу жубайы болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, С.Б.нын унаасын сүзгөн Субару Форестер үлгүсүндөгү унаадан 2 адам чыгып, курал колдонуу менен акча каражатын алып кетишкен. Аталган факт "каракчылык" беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, жабыркагандар аймактык ооруканага жаткырылды.