Казакстанда сүйлөшкөн кызын зордуктап, Кыргыз өлкөсүнө качып келген шектүү колго түштү

2017-жылы Казакстанда сүйлөшкөн кызын зордуктап туруп качып кетүүгө шектелген Казак жараны Кыргыз өлкөсүнөн колго түштү. Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин белгилүү болгондой, бул тууралуу Дина Тансари аттуу колдонуучу интернеттеги баракчасына жазып чыккан.

Ал: "Кооптуу кылмышкер Шокан Абылкасымов эркиндикте жүрөт. Полиция аны кармоого аракет кылбай жатат. Жабырлануучуга чалып, социалдык тармактардан жазып коркутууда. Полиция аны Кыргыз өлкөсүндө жүрөт деп божомолдоодо",- деген билдирүү калтырган. Интернеттеги билдирүүлөрдөн кийин Кыргыз мамлекетинин Ички иштер министрлиги зордуктоого шектелген жаранды издемек болгон.

"5-мартта Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан оор кылмышка шектелип издөөдө жүргөн Казак жараны кармалды. Ал Казакстандын аймагында кылмыш ишин жасагандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн. Кармалган Шокан Абылкасымов Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Топтолгон материалдар Кыргыз өлкөсүнүн Башкы прокуратурасына өткөрүп берилди. Андан ары шектүүнү мамлекеттер аралык конвенцияга ылайык экстрадициялоо боюнча маселелер каралат", - деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Окуянын чоо-жайы:

2017-жылдын 23-июнунда Астана шаарында Саина Раисова аттуу жаранды эки бала зордуктаган. Аны мурдагы жигити Шокан Абылкасымов үйүнө конокко чакырган. Кыз айтылган дарекке барганда мурдагы жигити жана анын досу күч колдонуп зордуктап койгон. Ал качып кутулуу максатында көп кабаттуу үйдүн үчүнчү кабатынан секирип, денесинин көп бөлүгү сынып, ар кандай жаракаттарды алган. Бул окуя боюнча Саина Раисова арыз жазып, шектүүлөрдүн бири 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми экинчи кылмышкер кармала элек болгондуктан, эл аралык издөө жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Gulnyr19
2019-03-06 11:56:51
Булар кандай бир күндө кармап алышты че то подозрительно
+4
Tasma2014
2019-03-06 12:28:55
Кыргызстанда куч органдары жакшы иштейт бирок жогор жактан кысым болгон учун коп кылмыштар корунуп турса да коз жумушат ошентип кадыры кетет
+12
Chungyz
2019-03-06 14:02:11
Бир эки кун мурун кармап алып кулака теппегиле
+3
Sakubek
2019-03-06 15:36:34
Кыздын кокурогу кайда?
-3
Murok
2019-03-06 16:33:59
Sakubek,не кыласын аны
+1
katerina.li
2019-03-06 18:28:38
Sakubek,акмак окшойсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан