Депутат былтыр өндүрүлгөн өнүмдөрдү сатуу маселесин тезинен чечүү керектигин айтты

Депутат Абдывахап Нурбаев былтыр өндүрүлгөн өнүмдөрдү сатуу маселесин тезинен чечүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Былтыр өндүрүлгөн өнүмдөр азыркыга чейин сатылбай турат. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги бул маселени тезинен чечиши керек. Аны өзүӊөр жөндөп чече албасаӊар, башка донорлорго кайрылбайсыӊарбы", - деди депутат.

Учурда өкмөт Жогорку Кеңешке жазгы талаа иштери боюнча маалымат берип жатат. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан