КТРКнын директорлугуна талапкерлигин алып салган Мирлан Самыйкожо Байкоочу кеңешти акыйкат чечим чыгарууга чакырды

Акын, журналист Мирлан Самыйкожо КТРКнын жетекчилигине талапкерлигин алып салды. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-мартта маалымдады.

"КТРКга, эл айтып жаткандай, акыйкат жана чебер адам керек. Анткени коомчулук менен кошо мезгил дагы чыныгы профессионал, сапаттуу жана элдин пикирин эске алган калыс жетекчини күтүп жатат. Мен ошондой жетекчи болууга бар аракетимди жумшоого даяр элем. Көзүм жетпегендиктен же иштен коркконумдан чегингеним жок. Ошол эле учурда эч бир жактардан, бийлик же жеке тараптардан да кысым болбогонун белгилейм.

Менин талапкерлигимди алуумдун себеби алдыдагы шайлоону жокко чыгарбоо үчүн болду. Ар бирибиз кол жеткен жерден эле ишти кыйрата берсек кандай болот? Антип жатып эмнеге жетиштик? Өз кызыкчылыгымды көздөп ыплас оюнга аралашкым келген жок. Мамлекеттин стабилдүүлүгү үчүн ар бирибиз жоопкербиз деп түшүнөм. КТРК коомго туура багыт берүүгө милдеттүү. Мен КТРКнын Байкоочу кеңешине ынтымак каалайм. Бөлүнүп-жарылуу менен эч бир максат таза болбойт. Ар бириңиздерди терең ойлонуп, бир муштумдай пикирге келип, акыйкат чечим чыгарууга чакырам", - деп билдирген Самыйкожо буга чейин ага ишеним көрсөтүп келгендерге ыраазы экенин айтты.

1-мартта Байкоочу кеңеш 17 талапкердин программасын угуп, жыйынтыгында Адил Турдукулов, Сураган Босумбаева, Ибраим Нуракун уулу, Мирлан Самыйкожо, Галина Байтерекова, Жайнак Үсөн уулу, Замирбек Казакпай уулу жана Болотбек Тиллебаевди финалдык турга өткөргөн.

Финалдык тур бүгүн саат 15:00дө өтүп, КТРКнын жетекчиси тандалат. Ага эми 7 талапкер ат салышууда.

КТРКнын директору болууга алгач 22 адам арыз берген. Бирок Жылдыз Муслимова, Элдар Аттокуров жана Бөлөкбай Шеримбековдун документтери толук болбой калганы үчүн жарыштан четтеп калышкан. 28-февралда телеканалдын учурдагы директору Илим Карыпбеков кайра директор болуудан баш тартып, арызын кайтарып алса, дагы бир талапкер Каарманбек Кулуев маектешүүнү скайп аркылуу жүргүзүүнү айткандан кийин тизмеден чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан