Депутат Тынчтык Шайназаров Кара-Суу районуна караштуу Мады айылындагы эшек фермасы экологияга терс таасирин тийгизип жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Мады айылы өлкөдөгү ыйык жерлердин бири болуп саналат. Экология, тамак-аш коопсуздугуна, жыш жайгашкан калктын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатат. Ачык жерге ташталган эшектин өлүктөрү жана тоо болуп үйүлгөн кыктардан чыккан сасык жыттар, ага чогулган түрдүү жугуштуу ооруларды пайда кылуучу чымындар төрөткана, оорукана, бала бакча, базарларды каптап, элдин тынчын кетирүүдө. Кыргыздын жети атасы эч качан эшек менен байыган эмес. Буга чейин ушул маселени көтөрүп, 3 миңдей эшек багылган ферманы жабуу керектигин айткам. Ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ферманы жабабыз деп сөз берген. Бирок ферманы жабуунун ордуна Оштун жанында жайгашкан башка эшек ферманы алып келип кошуп койду. Мады айылынын тургундары өкмөткө нааразы", - дейт депутат.
Аталган инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов: "Эшек идентификациялык каттоодо жылкылар тукумуна кирет. Ферма бирөөнүн менчиги болгондуктан жана жасаган иштери эл аралык нормаларга туура келгендиктен тыюу сала албайбыз. Сиздин сурооңуз боюнча комиссия түзүп, Мады айылына барып карадык. Башында кемчиликтери бар болчу, кийин ветеринардык жана санитардык талапка ылайык жасап коюптур. Ал жакта Кыргыз мамлекетинин жана Кытайдын ишкерлери иштейт экен. Туура эмес иш кыла турган болсок, алар да мыйзамга таянып тийиштүү жактарга кайрыла алат", - деди.