Москвада кыргыз кызын унаа сүзүп кетти, кыздын аты-жөнү белгисиз

Москвада кыргыз кызын белгисиз унаа сүзүп кетти. Кыздын аты-жөнү, ким экендиги такталбастан ооруканага жеткирилген. Мындай маалыматты Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов социалдык тармактардын бириндеги баракчасына жазып чыкты.

"Урматтуу мекендештер! Москвада такси тармагында иштеп жаткан Чолпонбек Хажибеков деген бир тууганыбыз бүгүн, 6-мартта эртең менен Москвада кырсык орун алганын билдирди. Кырсык Вавилов жана Октябрь көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда бир кыргыз карындашыбызды унаа сүзүп кетиптир. "Кызды жолдо жаткан жеринен көтөрүп жол жээгиндеги аялдамага отургузуп, "Тез жардам" чакырдык. Аны ооруканага алып кетишти. Ага чейин кыздын аты-жөнүн сурап, тактап алалы десек нес абалда болгондуктан сүйлөй албай койду", - деди Хажибеков. Ал мага кыздын видеосун жиберди. Эгерде кызды таанып-билгендер болсо тез арада байланышып, кабар алгыла, туугандары издеп жаткан чыгар", - дейт Кошматов.

Мындан тышкары Улан Кошматов өзүнүн телефон номерин да жарыялап, тааныгандардын байланышуусун өтүнгөн. Кошматовго байланышканыбызда: "Тууганыбыз деп чалып жатышат. Толук маалымат чыкканда кабарлайбыз, тактоо иштери жүрүүдө", - деди ал.

Москвада кыргыз кызын унаа сүзүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
katerina.li
2019-03-06 14:01:14
Кудай сактасын. Ии жакшы болуп кетсе экен эми. Акча табам деп барып атышат да кайран элим.
0
Suzak12
2019-03-06 14:59:03
Бугун ушул жерден откон элем жол чырак иштебей жаткан аман бололу жердештерим абайлагыла жолдон откондо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан