"Жасаса да, жасабаса да жакпайт". Балыкчыдагы "жасалма газон" талкууга түштү, буга мэриянын жообу

Интернет колдонуучу Мирбек Асаналиев социалдык тармактарда Балыкчы шаарындагы унаа жолунун жасалышы тууралуу сөз козгоп, сүрөттөрүн жүктөгөн. Анда ал: "Балыкчы шаары өнүгүү жолунда дейт бирөө. Ушинтип өнүкпөй эле койдум. Желим немени алып келип чапташканбы же майда ташты төгүп, боёшконбу, айтор сөз жок. Табигый чөп өсөбү эми деген жан жок? Балыкчыга чөп өспөйбү?" - деген билдирүүсүн жазып бюджеттен очойгон акчалар алынып жатат, бирок жумуш болсо бул деп кошумчалаган.

Анын бул посту коомчулуктун түрдүү пикирин жаратты. Көпчүлүгү Балыкчыдагы аба ырайына байланыштуу тегиз чөптү кооз өстүрүү оңой эместигин, бул туура чечим болгон деген ойлорун жазышкан. Арасында "Көп өлкөлөр табигый нерселерге ыктап жатканда жасалма кооздуктун эмне кереги бар?" - деген оюн айткандар да бар.

Бул боюнча SUPER.KG порталы Балыкчы шаардык мэриясына кайрылып жооп алды. Мэриянын маалыматына ылайык, Балыкчы шаарынан Чолпон-Атага бара жаткан жолдун эки капталынын жаан-чачындуу күндөрдө жешилип кетишинен сактоо үчүн ушундай ыкма жасалган.

"Шаардан чыга бериш жердеги жолдун 2 капталына геотосмолор орнотулуп, путепровод коюлган. Мунун баары жолдогу ыңгайлуулукту, коопсуздукту түзүү үчүн жасалды. Учурда да жумуш уланууда. Буга чейин капталдан ылай, таштар кулап жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратчу.

Ошол эле учурда жолду кооздоо маселеси каралып ошол жерге төгүлгөн шагыл, таштарды боёп кооздук берүү идеясы ишке ашырылууда. Комментарийлерде жазылгандай, Балыкчы шаарынын аба ырайы көбүнө маалым, жыш чөптүн өсүшү, анын үстүнө жолго өсүшү кыйын. Бул жерге суу жетпейт, чыкпайт мындан улам ал жерди көк майсан кылуу мүмкүн эмес", - деди шаардык мэриянын маалымат катчысы.

Иштин жүрүшүнө канча каражат каралгандыгы боюнча жооп берген жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
KG.Kushtarbek
2019-03-06 14:57:22
Жазго е
+13
Kanat.tls
2019-03-06 15:12:09
Сонун эле. Живой газонду деле суугарып караганга көп каражат талап кылынат
+14
KAYRATBEK
2019-03-06 15:34:48
Жок болгондо унчукпай эле журдунорго. Жоктон коро жогору демекчи. БОЛОТ ОТО ЖАКШЫ. Дагы жасагыла.
+15
Shakek
2019-03-06 15:39:32
Жакшы жасалыптып
+9
Flowhive
2019-03-06 16:02:12
Эң жакшы,тирүү чөпкө каражат көп кетет.Балыкчы шаарынын мэрин көрө албагандар бар окшойт
+10
Flowhive
2019-03-06 16:03:45
Мен деле шаар статусун алган жерде жашайм, мындай жол эмес,жакшыраак тратуарыбыз жок :(
+10
AJow
2019-03-06 16:32:46
Балыкчы онугуу жолунда!
мурункуга салыштырмалуу
+9
Chungyz
2019-03-06 18:47:30
Бир жакшна болуп турат
+4
Alixan-Nookat.2015
2019-03-06 21:26:25
Мага жакты сонун эле көрүнөт экен
+3
trabzon11
2019-03-06 22:27:08
Ушу бойроктон шыйрак чыгаргандар жакпайтта.Мер жакшы эле иштеп
Атыптыр.ото сонун корунот экен.
Балыкчыга озу табигый чоп остурсо
Акча коп кетет.суйунсонор.адамга озу эч нерсе жакпайтта
+2
vikidiki
2019-03-06 22:47:16
Иштеп атыптыр мери. Жон отура алышпайта ушу хайперлер.
+2
Aidaraly
2019-03-07 00:21:05
Балыкчынын аба ырайын баарыбыз билебиз дайыма шамал жамгыр жаабайт. Керек болсо эгин талааларда суу жетпей куйуп кетет анан жолдун боюна кайдан суу кетсин.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан