Чет өлкөлүк жаранды дарыяга ыргытабыз деп коркутуп 5 миң доллар акчасын жана унаасын тартып алганга шектүү кылмыштуу топ кармалды

Укук коргоо органдары тарабынан адамдарды уурдоо жана опузалап акча талап кылууга шектелген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыштуу топ зөөкүрлүгү менен айырмаланып, жарандардан ири суммадагы акча каражатын талап кылуу менен зомбулук көрсөтүшүп, кыйнап келишкен.

"Ички иштер органдарына чет өлкөлүк жаран кайрылып, азият жана европа түспөлүндөгү 25-30 жаштардагы белгисиз төрт адамга карата тиешелүү чараларды көрүүнү суранышкан. Белгилүү болгондой, 3-февраль күнү белгисиз адамдар жабырлануучуну БМВ үлгүсүндөгү унаага салып, башына кап кийгизишип, белгисиз жакка алып кетишкен. Кылмышкерлер аны капчыгайга алып барып, ур-токмокко алуу менен 5 миң доллар талап кылышкан. Маалым болгондой, шектүүлөр ишкерди дарыяга ыргытабыз деп коркутушкан. Жабырлануучу денесинен оор жаракат алып, кабыргалары сынган.

Андан соң өлтүрүп коёбуз деп коркутушуп чет өлкөлүк жаранга таандык унааны өздөрүнө жаздыртууга макулдугун алышкан. Ишкерди кайра шаарга башына капты кийгизип алып келишип, баасы 13 миң доллар турган BMW 525 үлгүсүндөгү унаасын тартып алышкан. Аталган факты боюнча опузалап акча талап кылуу, адамды уурдоо, денеге оор залал келтирүү беренелери менен иликтөөлөр башталган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, шектүүлөрдү кармоо Ысык-Көл облусунда болуп, бардык кылмыштуу топ кармалган. Алар 30 жаштагы Н.С., 31 жаштагы Т.Э. жана 35 жаштагы М.Н. болушкан. Кармалган жарандар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алар БМВ үлгүсүндөгү унааны күрөөканага ташташкандыгы такталган. Болжолдуу маалымат боюнча, унаа ээсинин атынан ишеним күбөлүгүн жасашып, 10 миң долларга сатып жиберишкен.

Азыркы учурда шектүүлөрдүн башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу текшерилип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kechirmeni
2019-03-07 11:07:47
Уурунун ХХХХ кууш деген ушу да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан