Ысык-Көлдөгү православдардын мүрзөсүн талкалоого 25 жаштагы тургун шектелүүдө

Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы православдардын мүрзөсүн талкалоого 25 жаштагы адам шектелүүдө. Маалыматты SUPER.KG'ге 6-мартта облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов тастыктады. Анын айтымында, шектүү адам - аталган эле айылдын Ш.Ф. аттуу тургуну.

Усубакунов учурда шектүү адамдын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыштардын жана жоруктардын 131-беренесинин негизинде сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Буга чейин белгисиз адамдар Ананьево айылындагы проваславдардын мүрзөсүнүн тосмолорун, көрүстөндөгү эстеликтерди, белгилерди сындырып, гүлдөрдү туш тарапка чачып кетишкен. Жергиликтүү тургундар көрүстөндүн талкаланганын 11-январь күнү кечинде байкашкан. Милициянын ошол учурда берген маалыматына караганда, окуя болгон жерде кароо жүргүзүлүп, жалпы 35 жыгач эстелик жана 2 мрамор эстелик талкаланганы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
oscar
2019-03-06 20:35:34
Маркумдарда эмне күнөө анча
+2
ainura220888
2019-03-07 02:02:40
Биздикилер улуу элбиз дейбиз бирок качан жапайычылвгыбыз жоюлат. Россияда мусульмандардын мурзолорун эч ким тийбей эле турат биз эле мынча тобоо. Олгон адамда эмне куно. Динди биринчи окуп тушунуп алып анан бир иш жасагылачы.
+2
Bars88
2019-03-07 06:42:06
ainura220888,Мусулман талкалады деп турабы.Аны оздлрунун эле алкаштары талкаласа керек ичине кирип ичип алып
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан