Орусиянын Москва шаарында Кыргыз жеринен барган 23 жаштагы келин өзүнүн 6 күндүк кызын бир миллион рублга сатып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу "Лента.ру" басылмасы 6-мартта өлкөнүн Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча башкармалыгынын расмий өкүлү Юлия Иванованын маалыматына таянып жазды.
Маалыматка караганда, 23 жаштагы келин интернетке жаңы төрөлгөн ымыркайын багып алуучуларды издеп жарыя калтырган. Анда ымыркайды 1 миллион рублга бере турганы жазылган.
5-март күнү ал Москвада ижарага алган батиринен кызын сатып алгандардын колуна берип, акчасын алгандан кийин кармалган. Сурак учурунда эне күнөөсүн моюнуна алып, бул кадамга материалдык кыйынчылыктан улам барганын айткан. Ымыркай медициналык текшерүүдөн өткөрүү үчүн ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин ал балдар үйүнө өткөрүлүп берилмекчи.
Учурда факты боюнча Орусиянын мыйзамдарынын негизинде кылмыш иши козголгону белгилүү болду.