"Келин жаман эмес, келген жери жаман". Кайнене менен келиндин мамилесин чагылдырган "Кайнене" тасмасынын бет ачары болду

6-мартта Бишкектеги кинотеатрлардын биринде "Кайнене" тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлдү. Тасманын бет ачары көп күттүрбөй айтылган убагында башталды. Кино бүткөнгө чейин элдин жүзүнөн жылмаюу кеткен жок. Юмор аралашкан тасманы эмне үчүн көрүү керектигин айтып беребиз.

Аталышы айтып тургандай эле, тасмада кыргыз үй-бүлөсүндөгү кайнене менен келиндин ортосундагы мамиле сүрөттөлөт. Келиндин кайын журтуна аралашып, жолдошунун үй-бүлөсүнө кабыл алынышындагы көрүнүштөрдү күлкү аралашкан жагдайда көрүүгө болот. Ошону менен бирге үй-бүлөнү пландоо маселелери да камтылган.

Тасмада Жамиля Сыдыкбаева, Гүлмира Турсунбаева, Максат Тасмаев, Болотбек Тилек, Айгерим Саматова, Динара Багышбаева жана Эркин Парпиев роль жаратышкан.

Бул тасма Сапар Сайназаровдун режиссёрлук кылган төртүнчү эмгеги. Ал кинонун сценарийин окуганда эле ушундай тасманы тартууну элестеткенин айтат.

"Учурда келин менен кайнененин ортосундагы мамиле да орчундуу көйгөйгө айланып жатат. Мен бул тасманы комедия жанрында тартканымдын себеби бар. Ар бир үй-бүлөдө болгон окуялар кызыктуу ирмем катары эсте калып, эч качан жаман тагдырлар болбосо деген ойду бергибиз келди. Шаардык жана айылдык ата-энелердин ролун аткара турган актёр, актрисаларды табууда көпкө ойлондум. Гүлмира Турсунбаеваны айылдагы кайнененин образын жакшы ачып берерин мурдагы тасмаларда иштешкенде байкагам. Ал эми шаардык кайнененин образын Жамиля Сыдыкбаевага сунуштадык. Ал көпкө ойлонуп анан макул болду. Тасма тартуу учурунда жакшы маселени көтөрүп жатканыбызды айтып жактырды. Негизинен кино Бишкек шаарында тартылып, жалпы 5 айдай убакыт кетти. Эң негизгиси ар бир эне башка бүлөдөн эч ким тааныбаган үйгө келген уулунун жубайын да түшүнүп, сыйлап алса", - деди Сайназаров.

Тасмада шаардан айылга турмушка чыккан келиндин ролун Динара Багышбаева аткарды. Ал эми Айгерим Саматова айылда өсүп, шаарда жашаган үй-бүлөгө келин болгон.

Актриса Айгерим Саматова бул анын оң каармандын образын ачкан алгачкы тасмасы экенин айтат.

"Мен буга чейин жалаң гана терс каармандардын образын жаратып келгем. Бул тасмада жаш келиндин ролун аткардым. Өзүмө жакты. Буюрса, келин болгондо дагы ушул тасмадагыдай келин болом деп ойлойм", - дейт актриса.

Эркек мүнөз эрке кыз, кийин айылдагы түйшүгү көп келиндин образын жараткан Динара Багышбаева көрүүчүлөрдү шайыр жүрүүгө чакырып, чыныгы жашоосунда дагы мүнөзү каарманына окшоп кетерин айтты.

Актёр Болотбек Тилек тасмада ата-энеси тандап берген кызга үйлөнөт. Ал чыныгы жашоодо деле ата-энесинин сунушун карап көрөрүн айтты.

"Ата-энем тандап, таанышып көр деген пикирлерин айтса таанышып көрмөкмүн. Балким, жагып калат. Тасма дагы ошондой көрүнүштөрдү камтыды", - дейт ал.

Баш каарманды 10 килограммга арыктаткан "Кайнене" тасмасы жарык көрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nargiza1987k
2019-03-07 13:29:54
Жакшы кино окшойт качан [moderated]ка чыгат
0
madina.87
2019-03-07 14:29:29
Жакшы кино,эпизоддук ролдо менин сиңдим да катышкан.
Ии эмне Болотбек Тилек деген жигит үйлөнбөдү беле?Мында башкача сүйлөптүргө
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан