Чүйдө камакка алынган мүлкүңдү кайтарып беребиз деп жарандан 50 миң сом пара талап кылган сот аткаруучулар кармалды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы сот аткаруучулар пара алып жаткан жеринен кармалганын маалымдады. Маалыматка ылайык, аталган кызматка Н.И. аттуу жаран Чүй облусунун Москва райондук сот аткаруучулар кызматынын ага сот аткаруучусу жана сот аткаруучусуна карата арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында сот аткаруучулар кызматынан пайдаланып, камакка алынган мүлкүн кайтарып беребиз деп шантаж кылып 50 миң сом пара талап кылып жатышканын жазган.

Бул арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (опузалап акча талап кылуу) менен катталган.

"4-мартта ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Н.Н. аттуу ага сот аткаруучу менен А.А. аттуу сот аткаруучу акча алып жаткан жеринен кармалышты. Ага сот аткаруучу Н.Н. Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилди", - деп жазылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүүдө.

Сот аткаруучу пара алып жаткан жеринен кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aibars
2019-03-07 10:31:58
Карга карганын козун чукубайт, биздин соттор аман эле болушсун. Эртен Н.Асы анан Б.Жсы акталып чыгат.
+1
Skarlett-Skarlett
2019-03-07 15:29:05
Тез эле чыгып кетишет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан