Вице-спикер: "Жарандын электр энергиясына карызы 50 сом болсо да өчүрүп кетишет. Кайра улоо үчүн 300 сом алынат, бул акча бирөөнүн чөнтөгүнө түшүп жатат"

"Таласта 2 адамдын өмүрүн алган окуя кайталанбайт деп эч ким кепилдик бербейт. Каза болгон кыз электрикке апам келсин деп жалдыраганына карабай өчүрүп кеткен экен", - деп Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында вице-спикер Аида Касымалиева билдирди.

"Таласта электр жарыгы өчүрүлүп, көмүрдөн чыккан ис эки адамдын өмүрүн алган окуя боюнча жеринен барып таанышып кайттык. Азыр аялы, кызынан айрылган жаран 5 жаштагы кызы менен Бишкекте, ал кызы да комада. Жыбырлануучулардын айтымында, аларга эч кандай дүмүрчөк келген эмес. Алардын 80 сом гана карызы болгон. Бирок эч кандай эскертүүсүз келип өчүрүп кеткен. Карыз 50 сом болобу же 100 сомбу, электриктер кесип кетишет экен, ал эми кайра кошуу үчүн 300 сом алышат. Бул акча бирөөнүн чөнтөгүнө түшүүдө. Бул калыпка түшүп калган коррупциялык көрүнүш.

Пенсионерлер, жергиликтүү тургундар келип кайрылышты, алар пенсия, жөлөк пулдарын айдын 15инде алса, электр жарыгы үчүн акча ар бир айдын онуна чейин төлөнүшү керек экен. Мындай жагдайды да чечүү керек. Бул окуя кайталанбайт деп эч ким кепилдик бербейт. Иске ууланган жаш балдар көп болду, муну чечүү керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Umakg
2019-03-07 11:23:22
Эн туура нерсе омурунузду берсин пенсия 15 свет 10 -да
+8
bond02
2019-03-07 11:24:19
Эшегинен чому кымбат дейт беле.
+9
Kuttubek8483
2019-03-07 11:36:54
Айдын 10 толонсо жакшы. Жалал Абад электродо айдын 25-27 жазып кетишет 29 чейин толобосон кыркышат.
+7
Umnitsa
2019-03-07 13:09:19
"Кылыш керек" "жасаш керек" деген курук сөздөрдөн "кылдык" "жасадык" деген сөздөргө качан өтөт экенбиз...
+5
Altyn2017
2019-03-07 14:54:54
эн туура жок дегенде бир ай убакыт бериш керек төлөгөнгө
+4
Komrad
2019-03-07 18:32:29
Ушул жанылык чыкты да, унутулганы калды, кызматкерлер ( чондор силер кызматкерсинер) карагыла бул ишти
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан