Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Бактияр Токторов "Манас" аэропортунда авиациялык коопсуздук кызматында текшерүүчү болуп иштеди. Тактап айтканда, ал SUPER TV`нын "Жылдыздар кесибин алмаштырат" берүүсүнүн алкагында жогоруда аталган кесиптин ээси катары өзүн сынап көрдү.
Бактияр Токторов Бишкек-Ош каттамында иш алып барды. Жүргүнчүлөрдү текшерип жаткан ырчыны көпчүлүк таанып, аны менен сүрөткө түшүп да жатышты. Ошондой эле элдин суранычы менен аларга ыр тартуулап, аксакалдардын батасын алууга да үлгүрдү.
Ырчы өзүнө берилген тапшырманы канчалык деңгээлде аткара алгандыгын төмөндөгү видеоматериалдан көрө аласыздар.