Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын мурдагы жетекчиси Ралис Касановго кылмыш иши козголду. Маалыматты SUPER.KG порталына Касановдун жактоочусу Бактыбек Жумашев тастыктады.
Анын айтымында, Ички иликтөө кызматынын мурдагы жетекчиси жасалма документтерди жасоо боюнча шектелип жатат.
"Касановго карата кылмыш иши козголгону чын. 1-март күнү анын үйүнө ИИМдин кызматкерлери соттун чечими жок, мыйзамсыз тинтүү жүргүзүшкөн. Буга байланыштуу мен Башкы прокуратурага арыз менен кайрылып, тергөөнү башка мамлекеттик органга өткөрүп берүүсүн сурангам. Арызды Башкы прокуратура канааттандырган. Бирок буга карабай кечээ, 6-мартта ИИМдин кызматкерлери Ралис Касановду кармоого аракет кылышты. Мен аларга тергөө иши башка органга өткөрүлгөнүн айтып, алардын бул аракети мыйзамсыз экенин түшүндүргөндөн кийин Касановду алып кетишкен жок", - деди Жумашев.
Белгилей кетсек, Ралис Касанов ырчы Гүлзинат Суранчиеванын жолдошу. Экөөнүн ортосунда 1 кыз, 1 уул бар.