Айдоочулар менен пикир келишпестиктердин алдын алуу үчүн кошумча жол чырактарын орнотуу зарыл экенин бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов билдирди.
"Ишке кирип, жүзөгө ашырылып жаткан "Коопсуз шаар" долбооруна азыркы өкмөттүн салымы чоӊ. Эми айдоочулар менен пикир келишпестиктер чыкпашы үчүн кошумча жол чырактарын орнотуу зарыл. Көрүнбөй калган жол белгилерин дааналап сызуу сыяктуу иштерди тездетүү керек.
Унааны ишеним кат менен айдап жүргөн айдоочулардын унааны өзүнө каттатышы үчүн шык берүү маселеси да каралууга тийиш", - деди ал.