Нурсултан Назарбаев "Айка" тасмасын көргөндөн кийин казак аялдары кыргыз аялдарынан эмнеси менен айырмалана турганын айтты

“Айка” фильминин башкы ролун аткарган казак актрисасы Самал Еслямова кинотасма боюнча Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин реакциясы боюнча айтып берди. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

“Ал тасманы көргөнүн айтып, мындай иш үчүн ыраазычылык билдирди. Президент Казакстандын эли, өзгөчө апалар үй-бүлөсүн, балдарын таштап, акча табуу үчүн башка мамлекетке кетпей деле койсо болорун айтты. Бул абдан маанилүү”, - дейт актриса.

Орусиялык режиссёр Сергей Дворцевой тарткан "Айка" тасмасында Москва шаарында мыйзамсыз иштеп жүргөн кыргыз кызынын окуясы чагылдырылган. Анда Айка күтүүсүз жерден кош бойлуу болуп, баласын жарыкка алып келет. Жардам берип, каралаша турган адамы болбогондуктан, жаңы төрөлгөн ымыркайын төрөт үйүнө таштап кетет. Бирок энелик сезими ага жай бербей таштап кеткен баласын издейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nursbaike
2019-03-07 15:58:26
130 млрд $карзы менен тургузган казакстанды кокко которуп алыпсынарго. Чындыгында кыргыз кыздары аялдары алда канча ыймандуу тан алгыла
+10
zaman2
2019-03-07 16:21:20
Казактарга окшоп жумуш орун түзүп бергенде биздин кыз келиндер мекенинде бактылуу күндөрдү кечирет беле!? Бирөөнүн карызын ойлогончо мекенибизди ойлогон туура болсо керек
+10
daniel87
2019-03-07 16:27:47
Кыздардын иш издеп талаада жургонун каалабайт элем! Биздин кыздар окуса,билимдуу болсо,суйуктуу, назик жар болсо, мээримдуу апа болсо,мээримдуу тартиптуу сабырдуу, таланттуу, толеранттуу апа, кыз, эже, синди болсо бактылуу болушмак.... Атин биздин бугунку коомдогу адамдардын ач коздугу, акча адамдарды башкарып алгандыгы окунучко карай жол
+13
elchi84
2019-03-07 17:13:20
Бизде жакшы эле бирок тушунбойм ушунча кыз келиндер акча деп Россияга келе беришет,адамдарда бири бирин коро албастык бар зангыраган уй,кымбат машина жана кымбат буюмдарга жетиш учун талаалап журушот.Казакстанда деле жашоо биздикиндей эле болуп калды .
+10
talas0707
2019-03-07 18:41:12
elchi84, туура! Азыр эн жакшы жашоодо жашап жатабыз. ар бирибизде смартфон, жыртык байпак кийбейбиз, курсак ток анан сурасан эле жок дейт! Койгой озубуздо болгон сайын болсо деп калдык, шугур деген адам аз. Же калпы?
+6
Osh3015
2019-03-07 18:06:36
Москвада 6 күндүк кызын бир миллион рублга сатып жаткан жеринен кармалган кыргыз келин камакка алынды.Биздин кыздар кор болду! !!
+8
Kairat1996
2019-03-07 21:01:19
Бир эле кыздын тагдырын коруп алып жалпы кыргыз кыздарынын тагдырын элестетпеш керек. Бутунан турган кыйын кыздар деле толтура.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан