8-Март - Аялдардын эл аралык күнү. Бул күнү ар бир эле айым жакын адамдарынан көңүл бурууну, белек алууну кыялдана турганы талашсыз. Мындан улам SUPER TV айымдарга "8-мартта кандай белек алууну кыялданасыз?" деген суроо менен кайрылды.
Сурамжылоого Бишкек шаарынын тургундары, ырчылар Асема Токтобекова, Азалия, актриса Альбина Имашова жана башкалар катышты.
Эгер сиз сүйүктүүңүзгө же жакын адамыңызга кандай белек берүүнү билбей жаткан болсоңуз, анда төмөндөгү видеодон айымдардын жообун угуп, чечим чыгарыңыз.