Орусияда заводдон чыккан өрттөн жабыркаган Кыргыз жарандарынын бири каза болуп калды

Орусиянын Владимир облусундагы айнек таңгактарды иштетүүчү заводдогу өрттөн жабыркаган Кыргыз жарандарынын бири каза болуп калды. Маалыматты SUPER.KG'ге Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен 7-мартта тастыкташты.

Элчиликтин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетованын айтымында, учурда маркумдун сөөгүн Кыргыз жерине жиберүү үчүн элчиликтин жана ИИМдин өкүлдөрү Владимир облусуна жөнөп кетишти.

Айта кетсек, "Русджам" заводунда 5-март күнү кечинде өрт чыгып, 4 адам ар кандай жаракаттарды алып ооруканага жеткирилген. Алардын төртөө тең Кыргыз жарандары экенин, экөөнүн абалы оор экенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышкан.

Элчилик оор жаракат алып ооруканада жаткандардын бири 1991-жылы туулган Т.О., экинчиси 1986-жылы туулган Т.Б. аттуу Кыргыз жараны экенин билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazira1989
2019-03-07 20:13:33
Аты жонун толук эле жазса болбойбу???Аллахым жаннаттан жай берген болсун,билип билбей кылган куноолорун озу кечирсин...((((
+1
baltabaev
2019-03-08 17:09:49
Куруп калдык го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан