"Элдик парламенттин" лидерлеринин бири Бекболот Талгарбеков мөөнөтүнөн мурда бошотулду

"Элдик парламенттин" лидерлеринин бири Бекболот Талгарбеков шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 8-мартта SUPER.KG порталына саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапарбек Аргынбаев билдирди.

Анын айтымында, Талгарбеков кечээ, 7-мартта саат 23:00 чамасында бошотулду. Мындай чечимди Аламүдүн райондук соту кабыл алды.

Быйыл 6-февралда Талгарбеков Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси "бийликти күч менен басып алууга даярдануу" боюнча акталган. Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси (улуттук, расалык же диний кастыкты козутуу) боюнча тагылган айып өзгөрүүсүз калган. Аталган берененин негизинде Талгарбеков 2017-жылы 5 жылга эркинен ажыратылган. Ал 2016-жылы май айында УКМК тарабынан кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Erik2018
2019-03-08 11:46:36
Бекболот Талгарбековдун чыгышы көп нерсени айтып турат. Алсак соттордун калыс болушу, кичине болсо дагы жылыштар бар экенинен кабар берет.
-2
tnz
2019-03-08 12:22:04
Кандай болгон кундо да чындык, ак ийилет бирок сынбайт деген ушул да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан