Бүгүн, 8-Март - Айымдардын эл аралык күнүндө Бишкек шаарында колунда кармаган гүлү жок айымды учуратуу кыйын. Апасына, эже-карындашына же сүйүктүүсүнө арналган гүлдү көтөрүп, аларды майрамы менен куттуктоого шашкан эркектердин да саны аз эмес.
Майрамдын шылтоосу менен шаардын борбордук көчөлөрүнүн жээктери гүл базарга айланды. Бир карасаң гүл бакчадай көрүнгөн жайлардан гүлдөрдүн бардык түрүн тапса болот.
SUPER.KG порталы борбор калаадагы майрамдык маанайдан сүрөттөрдү назарыңызга тартуулайт.