"Дем" театрынын актёрлору сахнада куда тосуп, келген көрүүчүлөрдүн боорун эзди (фоторепортаж)

8-мартта Бишкектеги Кыргыз улуттук драма театрында "Дем" театрынын актёрлору Аялдардын эл аралык майрамына карата салтка айланган концертин өткөрдү. Залга эл толуп, концерт айтылган убагында башталды. Сахнага чыгар замат "Дем" театрынын актёрлорун көрүүчүлөр дүркүрөтө кол чабуулар менен тосуп алышты.

Өзгөчө "Чиркей" деген комедиялык номер залда отургандарды күлкүгө бөлөдү. Бул тамашада депутаттар менен карапайым калкты чиркейге салыштырышкан. "Чиркейлер деле бөлүнүшөт. Мисалы, катардагы жаранды чаккандар булар кадимки чиркей болсо, Ак Үй менен Көк Үйдү чаккандар көгөндөр. Ал жакка жетип, депутаттардын канынын даамын татыш үчүн көгөндөрдү тилге салып, берчүүсүн бериш керек" деген актёрлор коомдогу көйгөйлүү нерселерди чагылдырган.

Концерт учурунда ырчы Джонни "Күттүм, ай" ырын ырдап аялзатын майрамы менен куттуктады.

Андан соң сахнага Азиз Мурадиллаев чыгып, мэрдин образын аткарды. Ачуусу келген борбордогу сакталбаган тазалык шаар башчынын тынчын бузат. Мунун айынан кимдир бирөө таштап кеткен таштандысы үчүн аягында тазалык кызматкери күнөөлүү болуп чыгышын көрүүчүлөр кыйкырык-сүрөөн менен көрүштү.

Буга удаа эле элди тамашага салып, бирок аягында оюн экенин айткан көрсөтүүлөр тууралуу да атайын тамаша аткарылды.

"Дем" театрынын актёрлору былтыркы куда тосуу комедиялык номери быйыл да көп суралганын айтып, кайрадан аткарышты. Аны эл бир дем менен көрүштү. Куда тоскон актёрлордун талантына эл узакка кол чаап, майрамдык маанай көтөрүлдү.

Аягында сахнага чыккан актёрлор кесиптеши маркум Марат Козукеевди эскеришти. Андан кийин айымдарга арнап баары берилүү менен ыр аткарышты. Көрүүчүлөр "Демдин" жигиттерине ыраазы болуу менен тынымсыз кол чаап сахнадан узатышты.

Камчы Сарыбаев “Демдин” концертине диета кармап, арыктап чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
jon.as
2019-03-09 04:14:51
Мыктысынар жигиттер
+5
Skarlett-Skarlett
2019-03-09 12:55:56
,,Дем''театрынын концертине бармакмын.Костюмдары жакшы,профессионалдуу,маанилуу аткаруудагы концерт.Жан дуйнон эс алат.
+5
aliya-leyla
2019-03-09 12:59:09
Чыныгы профессионалдардын иши. Концерттик программаны качан жуктойсунор
+7
admin_portal
2019-03-11 15:28:41
aliya-leyla, саламатсызбы! Мүмкүн болору менен жүктөлөт. Азырынча көрө элек болсоңуз, бул концертин көрсөңүз болот.
https://www.super.kg/tasma/show/3873/
0
Bekbosh
2019-03-09 15:40:51
Дем театрдын талантына сөз жок
Мыктысыңар
+3
nazira1989
2019-03-09 21:24:40
Дем Жалал-Абадка качан келесинер?
0
Melitta-24
2019-03-09 23:29:08
Элибиздин театрга көңүл бура баштаганы кубандырат
0
Rustambekfresh
2019-03-10 10:43:03
Дем театры баары профиссионалдар Азаматсынар
+1
HanTegin
2019-03-10 13:12:10
Билсем бармак экенмин каап
0
Jaku2017
2019-03-11 10:03:12
Камчы Сарыбаевди коргондо эле, суйлой электе эле куло берем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан