Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Б. аттуу жарандан "агаңдын ишин жаап берем" деп 300 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ИИМдин тергөө ички иштер кызматы жана УКМКнын тергөө башкармалыгы 8-март күнү түн ичинде текшерүүлөрдү жүргүзүшкөн. Натыйжада Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн М.О. жана А.Б. аттуу тергөөчүлөрү Бишкектин темир жол бекетинен пара алып жаткан жеринен кармалышкан.
Кармалгандардын бири учурда УКМКнын СИЗОсуна киргизилип, тергөө иштери уланууда. Ал эми ИИМ бул текшерүүлөр коррупция менен күрөшүүгө багытталганын айтып, жемкорлукка тиешеси бар ички иштер органдарынын кызматкерлери мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын билдирди.