
Бүгүн, 9-мартта Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында "Көчмөндөр ааламы" фестивалынын салтанаттуу ачылышы саат 20:00дө башталат. Бул тууралуу иш-чараны Кыргыз тараптан чогуу уюштуруп жаткан Бүткүл дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясынын маалымат кызматы Facebook баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, аталган фестивалга катышууга Кыргыз мамлекетине 2 миңдей квота берилген. Ал жактан кыргыздар үчүн атайын 15 гектар жер бөлүнүп, ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулган. Буга чейин 6 учак менен маданият, спорт өкүлдөрү учуп кетишкен. Дагы 3 учак менен кийинки этапта маданият өкүлдөрү Сауд Арабияга жеткирилген. Мындан тышкары реквизиттер, жаныбарлар да жөнөтүлгөн.
"Көчмөндөр ааламы" фестивалына 90дон ашык өлкө катышып, 9-19-мартка чейин уланат. Ошондой эле катышуучулардын тамак-ашы, жаткан жери даярдалып, мал-жаны багылуу болот. Кеткен чыгымдын баарын уюштуруучулар каржылайт.
Ал эми Кыргыздын маданиятын тааныштыруу үчүн Сауд Арабияга кеткен маданият өкүлдөрүнүн жүрүм-туруму буга чейин коомчулуктун
талкуусун жараткан эле.