Орусиянын Москва шаарында Кыргыз жараны башкарган автоунаа жол кырсыгына кабылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, таксист мас абалында болгондуктан рулду башкара албай жолдун четине чыгып кетип, түркүктү сүзгөн. Унаанын ичинде бир аял жана бир эркек киши болгон. Натыйжада окуя болгон жерден аял жан берип, эркек киши оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Аталган жол кырсыгы кечээ, 8-март күнү таңкы саат 7:40тар чамасында орун алган.
"Жол кырсыгы Братислав көчөсүндө болгон. Айдоочу оор жаракат алган эмес. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.