Бишкек шаарына Азербайжан Республикасы Гейдар Алиев атындагы эс алуу багын жана мектеп куруп берет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 7-мартта Азербайжандын элчиси Гидаят Худуш уулу Оруджев Бишкекке келип мэр Азиз Суракматов менен жолуккан. Алар парк жана мектеп куруу боюнча тиешелүү меморандумга кол коюшкан. Аталган долбоор боюнча эки өлкөнүн президенттери жолугушкан учурда сүйлөшүлгөн.
Эс алуу багы шаардын түштүк тарабында Байтик баатыр жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде, ал эми мектеп Көк-Жар конушунда орун алат. Курулуш иштери ушул жылдын жай айларында башталат.