Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргыз жеринен барган 4 жаштагы баланын башы музга тийип, оор жаракат алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя Санкт-Петербургдагы Садовый көчөсүндө №50 үйдө катталган.
"Чоң энеси баланы колунан жетелеп жүргөн. Ошол учурда ал чоң энесинин колунан чыгып кеткен. Музга жыгылганда баланын башы катуу урулуп калган. Ал эми чоң энеси небересин кармаганга жетишпей калган. Аны ошол замат №19 ооруканага алып барышкан. Дарыгерлер бала баш-сөөгүнөн жабык жаракат алганын айтышкан. Учурда баланын абалы орто", - деп жазылат маалыматта.
Окуя 8-мартта саат 11лер чамасында болгон.