Нарын облусунун Жумгал районунда жубайлардын жансыз денеси өздөрү жашаган үйдөн табылды. Маалыматты SUPER.KG порталына облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Медина Султангазиева тастыктады.
Анын айтымында, окуя тууралуу маалымат ички иштер бөлүмүнө 5-мартта келип түшкөн.
"5-мартта Жумгал районунун тургуну өз жанын кыйып, анын жубайы төшөктө жаткан жеринен каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Чаек айылынын тургуну 51 жаштагы Д.К. короосундагы складда асынып, ал эми анын жубайы 48 жаштагы Н.А. уктоочу бөлмөдө киши колдуу каза болгондугу аныкталды.
Каза болгон адамдар аталган айылда 80 жаштагы апасы менен чогуу турушкан. Апасынын айтымында, 4-март күнү жубайлар уруша кетишип, күйөөсү аялын сабап салган.
Учурда аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деди басма сөз катчы.