Кара-Сууда 11-класстын окуучусу асынып алды. Маркумдун ата-энеси Орусияда иштеп жүргөн

Ош облусунун Кара-Суу районунда 11-класстын окуучусу муунуп каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 8-март күнү Кара-Суу районунун Мады айылында катталган. Анда 2001-жылы туулган окуучу өзүнүн сарайында жипке асынып алган.

"Кара-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө кабар келип түшөрү менен тергөө тобу окуя болгон жерге барган. Анда өспүрүм чоң ата, чоң энесинин колунда тарбияланып жүргөнү белгилүү болгон. Ал эми ата-энеси Орусияда иштеп жүргөн. Маркумдун жакындары медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан. Учурда өзүн-өзү өлтүрүүсүнүн себептери такталууда", - деди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AzKumFerDan
2019-03-11 16:38:00
Эх жердешим эмне болду сага
+1
Meken28
2019-03-12 20:13:25
Baikush baldar ataene meerimine toiboi chonoiushup jatyshat,
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан