8-март күнү Орусиянын Москва шаарында Кыргыз жараны башкарган унаа жол кырсыгына кабылып, 2 адам каза болгону кабарланган.
Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы каза болгон эки адам тең Кыргыз жарандары экенин SUPER.KG'ге 11-мартта тастыктады. Маалым болгондой, учурда бул окуянын үстүнөн элчиликтин юристтери иштеп жатышат.
"Каза болгондор да Кыргыз жарандары болуп чыкты. Так маалыматты кызматкерлерибиз расмий түрдө тактагандан кийин беребиз", - деп кабарлашты элчиликтен.