Ысык-Көлдө балык уулоого кеткен жубайларды издөө туугандары тарабынан токтотулду

Ысык-Көлдө балык уулоого кеткен жубайларды издөө токтотулду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 11-мартта SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-март күнү туугандары издөөнү токтотуу тууралуу арыз жазышкан. Мындан улам ӨКМнын куткаруу кызматы ишти токтоткон.

Буга чейин, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айыл аймагынын 2 тургуну 1-мартка караган түнү саат 03:00 чамасында көлгө балык уулоого чыгып кетишкен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Алдын ала маалыматтар боюнча күйөөсү 40, аялы 38 жашта. 2-мартта алардын кайыгы көлдөн табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Siren.ms
2019-03-12 10:26:23
Эмнеге токтотту издешпейби соогун болсо да
0
Pandora
2019-03-12 10:29:18
Siren.ms, Алар акчага издейт да, акчаны бергенге күчтөрү жетпей калган го.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан